Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында санитардык эрежени сактабаган мал союучу цех аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан мал союучу цех текшерилип, ветеринардык-санитардык талаптар сакталбагандыгын аныктаган.
“Аталган цехте айрым жаныбарлардын калдыктары жана каны жерге төгүлгөн, дезинфекциялык тосмо жана кык чогултуучу жайлар жок болуп чыкты”, — деп белгилешти милициядан.
Аталган факт Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналында катталды. Чогултулган материалдар тергөө кызматына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүп берилди.
Текшерүү уланууда.