• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Нурлан Мотуевди сабагандар анын телефону менен 32 миң сом акчасын алып кетишкен

19 Аяк оона 2022 10:44 Бишкек Govori.TV

Мурдагы саясатчы Нурлан Мотуевге кол көтөргөндөр анын Samsung үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 32 миң сом накталай акчсын алып, белгисиз тарапка из жашырып кетишкен. Бул тууралуу Govori.TVга Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 18-сентябрь күнү саат 12:30дар чамасында Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги борбордук мечиттин алдында болгон. Анда белгисиз жарандар Мотуевге эч себепсиз кол көтөрүшкөн.

Аталган факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Бишкек шаарында белгисиз адамдар мурдагы саясатчы Нурлан Мотуевди сабап кетишкенидиги тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланган. Окуяга күбө болгондор учурду видеого тартып үлгүргөн эмес.

Количество просмотров: 2144