• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Октябрь окуясында жабыркагандардын Сооронбай Жээнбековго каршы арызы УКМКга түшө элек

2 Бирдин айы 2021 11:42 Бишкек Govori.TV

Былтыр 5-6 октябрдагы окуяларда жабыркагандардын мурдагы президент Сооронбай Жээнбековго каршы арызы УКМКга келип түшө элек. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Адвокат Замир Жоошев 27-январда фейсбук барагында парламенттик шайлоодон кийин 2020-жылдын 5-6-октябрында жабыркагандардын билдирүүсүн жарыялаган. Алар экс-президент Сооронбай Жээнбековду «укук коргоо орган кызматкерлерине митингчилерди күч менен кууп таркатууга буйрук бергени» үчүн жоопко тартууну талап кылышкан.

Алар бул аракеттери үчүн Жээнбековду экс-президент макамынан дагы ажыратууну дагы талап кылышкан. Алар арызын ошол күнү Башкы прокуратурага жөнөтүшкөн.

Билдирүүдө экс-президент октябрь окуяларында жарадар болуп каза тапкан 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулунун өлүмү үчүн дагы жоопкерчиликке тартылышы керек деп айтылган.

Ага ылайык, арыз каралып, андан соң мурдагы өлкө башчысынын аракеттерине укуктук баа берилиши керек. Башкы прокуратура маалымдагандай, тергөөнүн жыйынтыгын кийинчерек аталган органдар кабарлайт.

Количество просмотров: 69