• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Оренбургдагы кыргыз жарандарын алып келүү тууралуу өкмөт маалымат таратты

15 Бугу 2020 23:23 Бишкек Govori.TV

Май айынын аягына чейин Москва, Оренбург жана Новосибирск шаарларынан чартердик каттамдар уюштурулат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Оренбурдагы россия-казак чек арасында кайрадан 500дөй кыргыз жараны топтолуп калган.

«Мекендештерди өлкөгө алып келүү боюнча иштер уланууда. Акыркы мезгилде айрым саясий партиялардын, коммерциялык эмес жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү жасап, кыргызстандыктарды алып келүү кызматын сунуштаган учурлар көбөйдү. Тилекке каршы, алар жалган маалымат таратып, өздөрүн пиар кылууда. Бул мекендештерибиздин абалына терс таасирин тийгизди», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кыргыз өкмөтү мекендештерди чагымчылдыкка алдырбоого жана «билет сатам же транспорт уюштурам» деген ортомчуларга ишенбөөгө чакырган.

Количество просмотров: 64