• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Орхан Инандынын кыргыз паспортун алуусунун мыйзамдуулугу иликтене баштады

8 Теке 2021 10:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек ШИИББдин тергөө кызматы жаран Орхан Инандыны уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жаран Орхан Инанды Түркиянын жараны болуп туруп, 2012-жылдын 28-июнунда Кыгыз Республикасынын ID паспортун жана 2012-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алгандыгы аныкталган.

«Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунан сырткары, 2024-жылдын 23-сентябрына чейин Түркия Республикасынын паспортун пайдаланып Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан 27 жолу өтүп, 2014-жылдан 2018-жылга чейин Азербайжан, Казакстан, БАЭ, Россия, Түркия жана Индияга учуп келген.

2018-жылдан бери Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын паспортун 9 жолу пайдаланып, Россия, Казакстан жана Индияга самолет менен учуап барып келип турган.

Жогорудагылардын негизинде Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын жана Түркиянын жаранынын паспортторун колдонуп жүргөн. Бирок, Орхан Инанды Түркияда туулуп өскөн жана Түркиянын жарандыгынан баш тарткан эмес, демсек ал туркиянын жараны болуп эсептелет», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Андан сырткары, 2019-жылдан баштап тиешелүү кызматтар тарабынан Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын паспортун алгандыгынын мыйзамдуулугу боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө жүрүүдө.

Количество просмотров: 433