Бишкек. 11.02.2019. Govori.TV
Азиз активист Темирлан Ормуковдун кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, ага колдоо көрсөткөн адамдарга ыраазычылыгын билдирген. Маалыматка ылайык, 7-февралда Октябрь райондук соту ага карата кылмыш ишин доогер Дастан Бекешев арызын артка кайтарып алгандыгына байланыштуу токтоткон.
Бирок, Ормуков өзү соттун ишти токтотконуна нааразы. Бул тууралуу активист «Govori.TV » агенттигине айтып берди. Анын айтымында иш токтотулганы менен ал акталган жок.
Эске салсак, көзү азиз акын Темирлан Ормуков өз ырлары менен бийликти сындап келген. Экс-президент Алмазбек Атамбаевди сындаган «Ажонун ооруп жүрөгү» аттуу ыры коомчулукта резонанс жараткан. 2016-жылы Башкы прокуратура Темирлан Ормуковдун президентти сындап социалдык түйүндөргө жазган ырында “аймак аралык кастыкты козутуунун” белгилери аныкталганын жарыялаган. Бул боюнча арызды прокуратурага депутат Дастан Бекешев бергени айтылган.