• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орус тилинин макамы боюнча Россиялык кыргыздар конгрессинин жетекчилери кайрылуу жасады

17 Үчтүн айы 2019 15:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.01.2019.Govori.TV.

Жалпы Россиялык кыргыздар конгрессинин (курултайынын) жетекчилери Конституциялык реформа боюнча конференциянын катышуучуларына кайрылуу жөнөттү.

Анда, алар конференциянын катышуучулары Кыргыз мамлекетинин бүгүнкү акыбалга келишине тиешеси жок десе туура болбой калат, деп чыкты.

«Ошонун кесепетинен миллиондон ашуун жарандарыбыз чет өлөкөлөрдө, алардын дээрлик көпчүлүгү Россияда эмгектенишип, бала-чакасын багып, мамлекетибиздин социалдык стабилдүүлүгүнө өздөрүнүн зор салымдарын кошуп келе жатышканын эсиңиздерден чыгарбагыла. Мекенибиздеги олку-солкулардан тажап, жумушсуздуктун айынан Россияга келишип, мамлекет толук түрдө шайлоо укуктарын камсыз кылып бербесе да кайыл болушуп, оорчулук-кыйынчылыктарга кабагым-кашым дебей эмгектенип жүргөн жүз миңдеген мигранттарыбыздын көгөйлөрүнө көңүлүңүздөрдү буруп койсоңуздар!»,- деп айтылат билдирүүдө.

Кайрылууда, Учурда Россиядагы мекендештер арасында, кыргыз саясий элитасынын Конституциядагы орус тилинин макамын алуудан башка иштери калбай калыпбы, деген чоң суроо пайда болду, деп айтылат.

«Чындап эле экономиканы өнүктүрүүгө орус тили жолтоо болуп жатабы? Тескерисинче, Россияга барган миллионго чукул мигранттарыбыз орус тили аркылуу нан таап, үй-бүлөөлөрүн багып, экономикабызга эбегейсиз зор салымдарын кошуп жатпайбы. Россия Кыргызстандын стратергиялык өнөктөшү, республикабыздын ЕАЭСке мүчөлүгү Россияда эмгектенип жүргөн мекендештерибизге өз пайдасын берүүдө. Ал эми кыргыз экономикасын даярдабай туруп ЕАЭСке түртүп киргизип койгон — бул башка маселе, ал үчүн ошол учурдагы жетекчилер жооп бериши керек. Биз сиздерди, популистик маселелерди көтөрүүдөн мурда, экономикабызды көтөрө турган, элибиздин турмушун жакшырта турган конкреттүү иш-чаралар менен алектенүүгө чакырабыз. Кыргызстанды саясий эксперименталдык лабораторияга айландырууну токтотсоңуздар! Калың журтка зыяны тийбей турган иш-аракеттер менен алектенсеңиздер урматтуу конференциянын катышуучулары!»,-дейт кайрылууда.

Эскерте кетсек, 16 январда Бишкекте, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча илимий практикалык конференция өтүп. Курултайчылар орус тилинин официалдуу тил макамын алып салууну сунуштады.  Талкууга коомдук-саясий күчтөрүнүн мүчөлөрү жана бир катар мурунку жогорку кызматты аркалаган инсандар катышкан.

Теги:
Количество просмотров: 25