• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Орусияда «фейк» маалыматтарды тараткандар жазаланат

7 Жалган куран 2019 16:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.03.2019. Govori.TV

Орусиянын Мамлекеттик думасы бийлик органдарына, мамлекеттик символдорго акарат келтиргендерди жана «фейк» маалыматтарды тараткандарды жазалоо тууралуу мыйзам долбоорлорун кабыл алды.

Документтер топтомун Федерация кеңешинин мыйзам чыгаруу комитетинин төрагасы Андрей Клишас менен депутаттар Людмила Бокова, Дмитрий Вяткин иштеп чыгышкан. Анда бийлик өкүлдөрүнө эле эмес, адамдын кадыр-баркына, коомдук адеп-ахлакка шек келтиргендер да жазаланышы керектиги жазылган.

Ал эми Интернетте бийликке акарат келтирген билдирүүлөрдү жарыялоо бейбаштык менен теңелет. Биринчи жолку жарыя үчүн бир жыл аралыгында 30-100 миң рубль айып салынса, экинчи ирет анын көлөмү 200 миңге жогорулап, 15 күнгө чейин камакка алуу жазасы камтылган. Андан аркы жарыялар үчүн 300 миң рубль айып же камакка алуу каралган.

Такталбаган маалыматтарды тараткан жарандарды 100 миң, мамлекеттик кызматкерлерди 200 миң, юридикалык жактарды жарым миллион рублга чейин айыпка жыгуу сунушталууда. Мындай маалыматтарды таратуу улана берсе же өнөр жай жана башка объектилердин, банктардын ишине жолтоо боло турган «фейктерди» тараткан юридикалык тараптарга салынчу айып бир жарым миллион рублга жетет.

6-мартта мыйзам долбоорлору экинчи окууда каралган учурда расмий каттоого алынган маалымат каражаттары тез арада «фейк» кабарларды өчүрүп, айып төлөбөсө болот деген түзөтүү киргизилди.

Орус парламентинин депутаттарынын мындай кадамын укук коргоочулар жана журналисттер сындап келишет. Алар мыйзам долбоорлору сөз эркиндигин чектей турганын, документте кандай маалыматтар «фейк» деп эсептелине турганы так жазылбай калганын айтышууда. Долбоорлор талкууланып жатканда аны бир катар мамлекеттик мекемелер да сынга алышкан. Бирок аягында өкмөт колдоп берген.

Мамлекеттик дума Клишас баштаган депутаттар тобунун Орусиянын Интернет сегментин дүйнөлүк желеден өчүрүү тууралуу мыйзам долбоорун да карап жатат. Жекшембиде Москвада бул сунушка каршы митинг өтөөрү күтүлүүдө.

Количество просмотров: 9