• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Орусияда заводдо өрт чыгып, кыргызстандыктар жабыркады

6 Жалган куран 20199:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.03.2019. Govori.TV.

Орусиянын Владимир облусуна караштуу Гороховец шаарында айнек таңгактарды иштетүүчү «Русджам» заводунда өрт чыгып, 7 кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы 5-мартта катталган.

Кырсык заводдун курулуш иштери жүрүп жаткан аймакта болгон. Жабыркаган кыргыз жарандарынын экөөнүн абалы оор, алар Төмөнкү Новгород шаарындагы ооруканага жаткырылды. Дагы экөө Гороховец шаарындагы ооруканада. Жабыркагандардын баары кыргызстандык экени айтылууда.

Теги:
Количество просмотров: 24