• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Оруссиядагы президенттик шайлоого Кыргызстандан 13 миңден ашык адам добуш берди

18 Жалган куран 2018 23:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.03.2018.Govori.TV.

Орусиядагы президенттик шайлоого Кыргызстанда жашаган 13 миңден ашуун орус жараны добуш берди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат катчысы Дарья Пахомова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, алты миңден ашууну адам Бишкекте добуш берген.

Элчиликтин маалыматына караганда, добуш берүү участкалары Кыргызстандын убактысы боюнча саат 8:00дө ачылып, 20:00дө жабылды.

Кыргызстанда алты жерде — Бишкек, Ош, Кант, Каракол, Чолпон-Ата жана Кара-Балта шаарларында добушканалар уюштурулган. Шайлоочулардын активдүүлүгү Бишкекте жана Ошто байкалды.

Буга чейин добуш берүүдө мыйзам бузуулар катталбаганын Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Акылбек Эшимов «Азаттыкка» кабарлаган.

Орусиядагы президенттик шайлоого Кыргызстандан 56 байкоочу көз салууда. Алардын он үчү Кыргызстандагы добушканаларда иштеди.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинде орус жарандыгы бар 20 миң адам каттоодо​ турат.

Бул жолу Орусиядагы президенттик шайлоого сегиз адам талапкерлигин койгон. Талапкерлер арасында төртүнчү президенттик мөөнөткө бараткан Владимир Путин, Коммунисттик партиядан Павел Грудинин, Либералдык-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский, либерал саясатчы катары таанылган Григорий Явлинский, теле алып баруучу Ксения Собчак, ишкер Борис Титов, мурдагы депутат Сергей Бабурин жана Максим Сурайкин бар. Бул шайлоодо президент Владимир Путин 70 пайыздык көрсөткүч менен жеңип чыгат деп күтүлүүдө.

Булак:Азаттык

Количество просмотров: 21