• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

«Ош» базарынын аймагында адашып кеткен кыз табылды

12 Бугу 20219:54 Бишкек Govori.TV

Милиция «Ош» базарынын аймагында адашып кеткен кызды таап, үйүнө жеткирип берди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 11-майда болжол менен саат 11:40тар чамасында Бишкек шаардык милициясынын «102» кызматына «Ош» базарында кичинекей кыз жоголду деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлерине 1997-жылы туулган К.А. аттуу кыз жардам сурап кайрылган. Ал 10 жаштагы сиңдиси менен базарга келип, жоготуп алгандыгын айткан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жүргүзүп, аз убакыттын ичинде кичинекей кызды таап, эжесине жеткирип беришкен.

Сиңдисинин табылганын сүйүнгөн эжеси милициянын кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Теги:
Количество просмотров: 105