• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Ош-Бишкек жолунда автоунааларга убактылуу чектөө киргизилди

10 Бирдин айы 202010:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Ош унаа жолунун 272-чакырымындагы «Чычкан» посттунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын кескин түрдө өзгөргөндүгүнө байланыштуу чектөө киргизүү бүгүн, 10-февралда эртең мененки саат 07:00дөн башталган.

«Токтогул районунун аймагында кардын калыңдыгы 25-30 см түзүп, буга байланыштуу Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан капчыгайында карды тазалоо иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 138