1-октябрда кечки саат 22:00 чамасында Ош-Бишкек жолунун 632 чакырымында жол кырсыгы катталганы белгилүү болду.
Жолдогу унаа белгисиз жолдон өтүп бара жаткан 40-45 жаштардагы аял кишини сүзүп кеткен. Алган жараатынан улам, жабырлануучу окуя болгон жерде каза болуп, айдоочу качып кетүүгө үлгүргөн. Бул тууралуу Ош ОИИБгы маалымат таратты.
Өзгөн РИИБнын кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1971-жылы туулган М.Н атту жаран кармалды.
Учурда айдоочу сурак берип жатат. Ал эми каза болгон маркумдун өздүгү такталууда.