• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Ош облусу: 20 000 метр куб кар көчкү түшүп, негизги жана ички жолдор жабылды

20 Бештин айы 201812:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.12.2018.Govori.TV.

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунуна болжол менен 20000 м3 кар көчкү түштү, унаа жолу аба-ырайы турукташканга чейин жабылды. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирген.

2018-жылдын 20-декабры күнү саат 09:30 чамасында алдын ала маалымат боюнча, Ош облусуунун Кара-Кулжа районунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 78-86-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) ар жерден кар көчкү түшкөн, жалпы көлөмү болжол менен 20000 м3. Унаа жолду тазалоого №26 ЖТИден 1 бульдозер жана 2 жүктөгүч тартылган. Аталган унаа жол Кара-Кулжа РМАнын башчысы-акимдин 2018-жылдын 26-ноябрындагы №01/915 буйругунун негизинде, 19-декабрь күнү саат 17:00дөн тартып аба-ырайы турукташканга чейин убактылуу жабылган. Кошумча маалымат берилет.

Теги:
Количество просмотров: 22