• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ош облусундагы, Кара-Суу районунун аймагынан мыйзамсыз сакталган куралдар октору менен табылды

12 Аяк оона 2018 17:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.09.2018.Govori.TV
11-сентябрда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан, уурдалган жана тартып алынган ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактаган жарандарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан оперативдүү иш чаралардын алкагында, Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынан мыйзамсыз сакталган куралдарды жана окторду табышты. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы кабарлады.
Ош облусунун Савай айыл аймагынын тургуну, 1986-жылы туулган М.Р.аттуу жарандын үйүндѳ тинтүү иштери жүргүзүлгѳн. Натыйжада, аталган жарандын короосунан, жыгач кутучанын ичине салынып, атайын  жерге кѳмүп койгон куралдар менен окторду табышты. Алар:
-«АК-74» үлгүсүндѳгү Калашников автоматы, 2 даана окчонтою (магазини ) менен;
-«КО-8,2» үлгүсүндѳгү сайлуу карабин-мылтык;
-29-даана 7.62 үлгүсүндѳгү Калашников автоматынын октору;
-Ок салуучу цинк ящигиндеги 7.62 калибриндеги 360 даана ок;
-«Blow» үлгүсүндѳгү сигнал берүүчү тапанча;
-Дүрбү;
-Куралдын үнүн басаңдатуучу кошумча тетик (глушитель).
Бул факт боюнча Ош шаардык ИИБнын тергѳѳ кызматы тарабынан мыйзамсыз курал-жарактарды сактаганы үчүн, кылмыш кодексинин 245-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергѳѳ иштери жүрүп жатат.
Алынган куралдарды,  тиешелүү эксперттер башка кылмышка тиешеси бар-жогун аныктайт.
Аталган кылмышка шектүү үй ээси 32 жаштагы М.Р. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Иликтѳѳ иштеринин жүрүшүндѳ, М.Р. аттуу жарандын, бир тууган агасы Н.Р. дагы  уюшулган кылмыштуу топтун мүчѳсү экени аныкталып, учурда каракчылык менен айыпталып тергѳѳ изоляторунда отурганы аныкталды.
Количество просмотров: 31