• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ош облусундагы медкызматкерлердин топ-тобу менен ооруну жуктуруп алуу учурларын иликтөө башталды

9 Чын куран 2020 14:20 Бишкек Govori.TV

Ош облусундагы медкызматкерлердин топ-тобу менен ооруну жуктуруп алуу учурларын иликтөө үчүн Ош шаарына инфекциялык көзөмөлдүн адистери жөнөп кетти.

Медкызматкердин вирусту жуктуруунун ар бир учуру боюнча териштирүү жүрүп, тийиштүү баа берилет.
9-апрелге карата өлкө боюнча саламаттык сактоонун 34 кызматкери коронавируска чалдыккан, алардын катарында дарыгерлер жана медайымдар, инфекционисттер жана лаборанттар, эпидемиологдор, ашкананын жумушчулары жана кир жуугучтар бар.

“Медицина кызматкерлеринин ооруну жуктуруп алуу маселеси өтө аянычтуу жана өкүнүчтүү. Кесиптештерди дүрбөлөӊгө түшпөй, дарыгерлердин бардык сунуштамаларын так сактоого чакырам. Сиздерге эртерээк сакайып кетүүгө көмөктөшүү үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, — саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

18-марттан 9-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 280 адамга жукту, алардын төртөө каза болду. 280 бейтаптын 34ү медицина кызматкерлери. Алар: дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашканада иштегендер жана кир жууган жумушчулар.


9-апрелге карата Кыргызстанда 34 дарыгер коронавирусун жуктурган:
• Бишкекте – 4,
• Ош облусунда – 21,
• Жалал-Абад облусунда – 8,
• Баткен облусунда – 1.

Аймактар боюнча айтканда, Бишкекте төртөө, Ош облусунда 21, Жалал-Абад облусунда сегиз жана Баткен облусунда бирөө.

Количество просмотров: 125