• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунда 2 киши каза болду

11 Теке 2021 14:11 Бишкек Govori.TV

Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунда жол кырсыгынан 2 киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Алай районунда Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 70-чакырымында (Кара-Булак айылы) Лексус-570 жана Тойота-Королла үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп (1 аял, 1 эркек), 3 адам жабыркаган (1 аял, 2 эркек).

Жерине 4 куткаруучу тартылган, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар каза болгон жарандардын жансыз денелерин унаадан чыгарышкан. Жабыркаган жарандар Алай райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми каза болгон жарандардын жансыз денелери ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 175