• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Ошто 4-класстын баласы атасынын операциясы үчүн кайыр суроого аргасыз болууда

23 Жалган куран 201915:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.03.2019. Govori.TV

Ош шаарында 4-класстын окуучусу атасы ооруп жатканына байланыштуу кайыр суроого аргасыз болууда.


Кайыр сурап жаткан бала Ноокат районунун Жатан айылындагы Ибраим уулу Ысмайыл орто мектебинин Даниэл аттуу окуучусу экени аныкталды. Аталган мектептин директору Айнура Самиеванын айтымында, окуучунун атасы боор оорусу менен жабыркайт.


«Даниэл биздин мектепте окуйт. Үй-бүлөсүнүн жашоо шарты өтө начар. Учурда атасы оор абалда төшөктө жатат. Мен анын атасы менен сүйлөшкөн учурда, ал баласын айла жоктугунан жана Индия өлкөсүндө жасалуучу операцияга акча керек болуп жаткандыктан чоң энесине кошуп, Ош шаарындагы көчөлөрдүн бирине акча суроо үчүн жөнөткөнүн айтты. Айыл эли дагы колдон келген жардамын көрсөтүп жатышат», — деди ал.

Булак: «Turmush»

Теги:
Количество просмотров: 19