• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Ошто арзан товар алам деп келгендер супермаркеттин эшигин талкалашты

6 Бирдин айы 201916:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.02.2019. Govori.TV

Бүгүн эртең менен Оштогу супермаркеттердин биринде товарларга арзандатуу болгон.

Ош шаарындагы супермаркеттердин биринде акция жүрүп, ага келген көп сандагы адамдар тартышып-түртүшө кетишти. Мындай видеолор социалдык тармакка жарыяланып жатат.

Бул кадрдан топтолгон кишилер дүкөндүн ичине кирүүгө ашыгып, бири-бири менен түртүшүп жатканын көрүүгө болот. Мунун кесепетинен дүкөндүн айнек эшиктери талкаланган.

https://www.instagram.com/p/BtiLcasFYtv/

Кийинки видео маркеттин ичинен тартылган. Автор баары арзандатылган товар алууга шашып жатканын айтууда. Жаалданган кардарлар товарларды талаша да кетишкен.

Астына ызы-чуудан кимдир бирөө жаракат алышы мүмкүн экенин жана администрация коопсуздукту камсыздай албаганын жазышкан.

Супермаркеттин администрациясы жогорудагы фактыны тастыктап, арзандатуу Ошто 6-февралда эртең менен болгонун билдирди.

«Эч ким жабыркаган жок. Коопсуздук кызматы өз ишин аткарууда. Акция да соңуна чыгайын деп калды», — деп айтышты дүкөндөн.

https://www.facebook.com/100013760292835/videos/558590901276248/

Мындай окуя биринчи ирет болуп жаткан жок. Буга чейин Бишкектеги супермаркетте дагы арзандатуу болуп аялдар идиш талашып чырдаша кеткен.

Булак: sputnik.kg

Количество просмотров: 42