• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Ошто машина куруучу завод ишке кирет

5 Бирдин айы 2019 9:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.02.2019. Govori.TV

Ушул жылдын экинчи кварталында Кыргызстандагы алгачкы машина куруучу завод ишке кирет. Ал энергетикалык, машина куруучу жабдууларды долбоорлойт жана өндүрөт.

Ош шаарында жайгашкан заводдун курулушу 2018-жылдын май айында башталган, киийинки кварталда толук кандуу ишке кирери пландалууда.

Завод кандай жабдууларды даярдай алат:

шамал генераторлорун;

өндүрүш ишканалары үчүн станоктор;

дизелдик жана бензин генераторлору;

электромобилдерди чогултуу;

чакан ГЭСтер үчүн жабдуулар.

“Кыргыз унаа курулуш” корпорациясынын негиздөөчүсү – Нурбек Осмонов. Ал эми долбоорго жалпы 150 млн доллардан ашык каражат инвестицияланган.

Заводдо 300дөн ашык жумуш оруну түзүлөт. Европадан алдыңкы адистер чакырылат. Мындан сырткары Осмоновдун жеке каржылоосу менен Кыргызстандан он адис чет өлкөдө окуп келди.

“Кыргыз унаа курулуш” өлкөдөгү оор өндүрүштү өнүктүрүп, энергетикалык, экологиялык коопсуздукту камсыздайт,  -деп ишендиришет компаниядан.

https://www.facebook.com/100009359760351/videos/2253231544998816/

Булак: “Калыс Медиа”

Теги:
Количество просмотров: 132