• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Ошто “Модерн стиль” курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

3 Кулжа 201913:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.06.2019.Govori.TV.

Ош шаарынын А. Масалиев менен А.Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулуп, аны куруп жаткан компанияга 200 миң сом өлчөмдөгү айып пул салынды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын юристи Канат Жумабаев билдирди.

“Аталган компания көп кабаттуу үйдү 3-кабатына чейин тургузуп койгон. Учурда алардын иши токтотулуп, 200 миң сом айып пул төлөө боюнча Ош облусттук соттун чечими чыккан”,-дейт юрист.

Ал эми Юстиция министрлигинин берген маалыматына ылайык, аталган компаниянын негиздөөчүсү Шарапаткан Мажитова экени айтылган. Компания 2013-жылдын 12-августунда каттоодон өткөн.
Белгилей кетсек, Шарапаткан Мажитова “Ата-Журт” фракциясынын мурдагы депутаты болгон.

Теги:
Количество просмотров: 26