• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ошто жаңы төрөлгөн ымыркайды балдар үйүнүн алдына таштап кетишти

9 Аяк оона 2019 16:05 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайды (кыз) балдар үйүнүн алдына таштап кетишти. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Кечээ, 8-сентябрь күнү түнкү саат 3:55те Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмчөсүнө Тамара Токтомаметова Ош шаарынын Спорт көчөсүндөгү №1 «Алтын уя» үй-бүлөлүк балдар үйүнүн эшигинин алдына жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишкенин кабарлаган. Ак-Буура милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган жана аталган факт Жазык кодексинин 150-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Коркунучта калтыруу) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталган.

Алгачкы текшерүү иштеринин жүрүшүндө ымыркайдын киндиги үй-бүлөлүк шартта кесилгени белгилүү болду. Анын ата-энесин аныктоо максатында атайын тапшырмалар жана багыттамалар берилди.

Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраилованын айтымында, учурда ымыркайдын абалы жакшы.

«Жаңы төрөлгөн ымыркайды кечээ, эртең менен милиция кызматкерлери алып келишкен. Ымыркайдын абалы жакшы, документтери даярдалса, социалдык кызматкерлер аркылуу балдар үйүнө өткөрүп беребиз», — деди ал.

«Алтын уя» үй-бүлөлүк балдар үйүнүн жетекчиси Тамара Токтомаметованын айтымында, ымыркайды эшикти тыкылдатып туруп таштап кетишкен.

«Мен ошол күнү балдарды карап, уктай элек болчумун. Бир убакта эшик тыкылдап калды. Чыксам, оролгон баланы таштап кетиптир. Түнкү саат 3:55 болчу. Ымыркайды алып кирип, дароо милицияга, тез жардам кызматына кабар бердим», — деди ал.

Булак: turmush.kg

Количество просмотров: 147