Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 22-чакырымында ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Honda Fit жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү жеңил автоунаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен бир аял, эркек киши жана жаш бала каза болгон. Ошондой эле эки эркек киши оор жаракат алган.
Жерине үч куткаруучу тартылып, каза болгон жарандарды унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар тез жардам кызматынын унаасы менен Ош шаардык ооруканага жеткирилген.