• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Оштогу 12 кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыгып, эки кыз каза болду

1 Үчтүн айы 2019 19:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.01.2019.Govori.TV.

Оштогу 12 кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыгып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу кабар 1-январь күнү саат 07:50 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына келип түшкөн. Анда Ош шаарынын Жим көчөсүндөгү 1-үйдүн жер төлөсүндө жайгашкан мейманкананын бөлмөлөрүнүн биринен өрт чыккандыгы айтылган.

Окуя болгон жерден эки кишинин денеси жансыз абалда табылган. Алардын бири 1998-жылы Ноокат районунда туулгандыгы, экинчиси 1991-жылы Алай районунда туулганы аныкталды. Болжол менен алар түтүнгѳ ууланып каза болушкан. Өрттүн эмнеден улам келип чыккандыгын жана кыздардын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Милициянын алгачкы божомолдору боюнча коопсуздук чаралары сакталбай, өрт чыгып, натыйжада кыздар түтүнгө ууланып каза болушкан. Өрттүн жана кыздардын өлүмүнүн себептерин аныкташ үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Джим көчөсүндөгү өрт чалган 1-үйдүн жертөлөсүндөгү бул мейманкананын администраторлоруна карата былтыр “Сойкулук үчүн көмүскө жайды уюштуруу” беренеси менен алты ирет кылмыш иши козголуп, андагы сойкукана жабылган. Жертөлө акыркы убакта мейманкана катары иштетилип жаткан.


Теги:
Количество просмотров: 10