• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Оштон балдары ВИЧке кабылган энелер Бишкекте митингге чыгышты (видео)

25 Жалган куран 2019 12:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.03.2019. Govori.TV

Бүгүн, 25-мартта Ак Үйдүн алдына Ош облусунда, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорундагы ооруканаларда балдарына ВИЧ жуккан энелер балдарын жетелеп, Ак Үйдүн алдына пикетке чыгышты.

https://youtu.be/MB8Ctn6GI2M

Ош облусунан дартка кабылган балдары менен келген энелердин саны 40ка чамалайт. Алар бүгүн эртең менен келишкен. Митингге чыккандардын айтымында, 2004-жылдан 2007-жылга чейинки аралыкта төрөлгөн балдарда ВИЧ жугузгандар көп. Алардын баарына ооруканада жатканда жуккан деген жүйөлөрдү келтиришүүдө.

Борбор калаага келген энелер мүмкүнчүлүгү барлары гана келе алган болушса, көйгөйүн айтууга бел байлап, бирок келе албай калган ата-энелер да бар. Жалпы Ош облусу боюнча 520дан ашуун балага медициналык жардам көрсөтүлүп жаткан учурда ВИЧ жуккан деген божомолдор бар. Апалардын айтымында, аларга 3000-4000 сомдон жөлөк пул берилгенден башка мамлекет тарабынан жардам жок.

Пикетке чыккандардын ушул маселеге байланыштуу бир нече талаптары бар.

Булак: SUPER.KG

Теги:
Количество просмотров: 12