Бишкек. 23.03.2019. Govori.TV
Бишкек гаарындагы Панфилов сейил багында бир кыз аттракциондордун биринен түшүп кетип оор жаракат алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма-сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда кырсык 21-март күнү болгон. «Тез жардам» кызматы тарабынан кыз Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген.
Аталган оорукананын дарыгерлери кыздын баш мээси катуу чайкалып калганын аныкташкан.
Учурда милиция окуянын чоо-жайын териштирүүдө.