• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Панфилов сейил багындагы аттракциондон кулап кеткен кыздын абалы туруктуу

23 Жалган куран 201917:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.03.2019. Govori.TV

Панфилов эс алуу багында аттракциондон кулап кеткен кыздын абалы туруктуу экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“1992-жылы туулган кыз Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөо борборунун нейротравматология бөлүмүнө жаткырылган. Ага баш мээси чайкалган деген диагноз коюлду. Учурда абалы туруктуу дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат”,- деп айтылат маалыматта.

Окуя 21-мартта Панфилов паркында болгон, кыз аттракциондон кулап кеткен.

Теги:
Количество просмотров: 20