• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Пара алып кармалган тергөөчү Арпачиев мунапыс менен камактан чыкты

21 Бугу 2020 15:18 Бишкек Govori.TV

2015-жылы пара алып жаткан жеринен кармалды делген Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев мунапыс аркылуу боштондукка чыкканын Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева парламентте айтты.

Эске салсак, ушул тапта парламент Башкы прокуратуранын 2019-жылкы иши боюнча отчетун угуп жатат.

Алгач депутат кайсы беренелердин незинде соттолгондорго мунапыс колдонулбай турганына кызыкты.

Башкы прокурор кызматтык жана коррупциялык кылмыштар боюнча соттолгондор амнистияга илинбесин айтканда, Алтыбаева алгач «Коррупция» беренеси менен иши каралган Арпачиев чыгып кеткенин билдирди.

«Ал жерде иш кайтадан квалификацияланган. Мен азыр парламент Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата жактырып берген мунапыс тууралуу мыйзам долбоорун айтып жатам», — деди Жамшитов.

Эске салсак, 2015-жылдын 24-мартында Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев УКМК тарабынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ошол учурда УКМКнын берген маалыматына ылайык, Арпачиев экс-депутат Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковдон кылмыш ишин жабуу үчүн 200 миң доллар талап кылган. Биринчи Май райондук соту аны 14 жылга кескен.

Количество просмотров: 173