«Таксисттерди лицензия алууга милдеттендирүү» жөнүндө мыйзамды депутаттар четке какты.
Бүгүн, 11- январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси Министрлер кабинети болуп, Ички иштер министрлиги иштеп чыккан.
Анда такси кызматтарын милдеттүү түрдө лицензиялоо каралууда. Аталган демилге Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде өткөн жылдын декабрында каралаып, колдоо тапкан.
Лицензиянын жылдык баасы такси фирмаларына 1000, таксисттердин өзүнө 500 сом.
Лицензия алуу үчүн айдоочунун үч жылдык тажрыйбасы, техникалык кароодон өтүү (баасы 900 сомдон жогору), камсыздандыруу (баасы 546 сом), патент (500 сом) жана социалдык фондго төлөм (300 сом) талап кылынат. Оң рулдуу автоунааларга берилбейт.
Мыйзам күчүнө кирген учурда лицензиясы жок иштеген таксисттерге 5 500, фирмаларга 17 000 айып салынат. Эгер үч жолу мыйзам бузуу катталса, такси фирмасынын лицензиясы токтотулат.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамына ылайык оң рулдуу унаалар менен жүргүнчүлөрдү коммерциялык түрдө ташууга тыюу салынганын эске алып, мындай унаалардын ээлери тарабынан нааразычылыктар болушу мүмкүн экенин белгиледи.
Ал эми эл өкүлү Марлен Маматалиев такси паркынын 50-60% оң рулдуу унаалар экенин айтып, альтернативалык вариантты, мисалы, мамлекеттик субсидияларды, тактап айтканда, лизингге автоунааларды берүүнү сунуштады. Ошондой эле депутат Нуржигит Кадырбеков сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынса, көптөгөн жарандар жүргүнчүлөрдү мыйзамсыз ташууга аргасыз болоорун белгилеп, мыйзам долбоорун колдобоого чакырды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылды.