• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Парламентте мектептерди, жогорку окуу жайларын бир айга жабуу сунушталды

12 Жалган куран 2020 10:43 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мектептерди жана бардык окуу жайларын бар айга жаба туруу зарыл деп эсептейт. Мындай сунушун ал 12-мартта парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Депутаттын пикиринде, мындай чара коронавирусту алдын алууга жардам берет:

«Жалпы билим берүү системасын, мектептерди, жогорку окуу жайларын бир айга – 15-марттан 15-апрелге чейин жабууну сунуштайт элем. Ушул аралыкта окубай калган программага жетиш үчүн июнь айына чейин узартып койсо болот эле».

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан чыккан коронавирус дүйнөнүн 110дон ашуун өлкөсүнө тарап, дээрлик 118 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 4200дөн ашуун адам каза болду, 63 миңдейи айыгып чыкты.

Кыргызстанда бул илдет катталган жок.

Количество просмотров: 1404