• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Поп-музыка, корей сериалдары… Эки өкмөт башчынын жолугушуусунда эмнелер туралуу сөз болду…

18 Теке 2019 13:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.07.2019.Govori.TV.

Түштүк Корея Кыргызстандын Азия регионундагы негизги өнөктөштөрүнүн бири. Бул тууралу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ён менен болгон эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө айтты.

Өкмөт башчы белгилегендей, эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү байланыштарды активдештирүү үчүн баардык шарттар бар.

Премьер-министр кыргыз тарап эки өлкөнүн ортосунда саясий диалогду улантуу маселесине өтө чоң маани берерин айтып, мындан ары да ар тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууга даяр жана ачык деп белгиледи.

«Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан сыяктуу коңшу мамлекеттер менен достук жана боордоштук мамилелерди бекемдөө болуп саналат. Бизди алар менен кылымдардан бери уланып келе жаткан салт-санаалар жана үрп-адаттар, достук жана ынтымактуу коңшулук мамилелер байланыштырып турат. Кыргыз Республикасынын Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуусу эки тараптуу негизде, ошондой эле көп тараптуу форматта дагы өнүгүп келе жатат. Ушуга байланыштуу «Борбордук Азия — Корея Республикасы» форумун андан ары өнүктүрүү демилгесин толугу менен колдойбуз», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Корея Кыргызстанга шайлоо процессин өркүндөтүүгө колдоо көрсөтүп жаткандыгын белгилеп, натыйжасында парламенттик жана президенттик шайлоолор ачык-айкын, адилеттүү атаандаштык шарттарда өтүп, өз учурунда ал өлкөдө демократиялык өзгөртүп түзүүлөрдүн жогорку деңгээлин көрсөткөнүн айтты.

Мындан тышкары, Абылгазиев Кыргызстанда Кореянын сериалдарына жана музыкасына кызыккандар көп экенин айтты.

«Жаштарыбыз корей элинин маданиятына кызыгып, тил үйрөнүп жатышат. Поп-музыка жана корей сериалдары биздин өлкөдө өтө белгилүү. Айрым актерлор менен актрисаларды биздин жаштар виртуалдуу сүйүшөт деп да айтсак болот», — деди өкмөт башчы.

Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён баштаган делегациянын сапарында бир катар иш-чаралар, жолугушуулар жана кыргыз-корей бизнес-форуму да уюштурулду.

Количество просмотров: 24