Бишкек.13.02.2019.Govori.TV.
Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЖКККББнын мониторинг борборуна барып «Коопсуз шаар» долбоору кандай ишке ашып жатканы менен таанышты.
Айтылгандай, бир сутка ичинде Кыргызстанда жол эрежелери бузулган 761 учур катталды. Акчалай, 878 миң сомдук айыпка барабар эреже бузуулар болду.
Эске салсак, «Коопсуз шаар» долбоору 12-февралда иштей баштады. Камералар Бишкектин 10 кесилишине коюлган.
«Биздин жарандарыбыз тартипти сагынып калган окшойт»,-деп кубанды премьер-министр