• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Премьер министр Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыялап, эки орун басарын кызматтан бошотту

5 Бирдин айы 2019 10:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.02.2019. Govori.TV

Өкмөт башчы бир күн мурун өткөн Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйыны тууралуу эскертти, анда кен пайдалануу тармагында коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар каралып, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчилигине карата негиздүү сын айтылган.

«Өлкөбүздүн жаратылыш байлыктары – бул элибиздин байлыгы.  Муну эске алуу менен мамлекеттин башкы милдеттеринин бири улуттук кен байлыктарды өлкөнүн кызыкчылыгында рационалдуу пайдалануунун натыйжалуу тутумун куруу болуп саналат. Бирок, тармактык мамлекеттик орган коррупциянын уюгуна айланды, мында жеке кызыкчылыктар мамлекеттин кызыкчылыктарынан жогору турат. Буга ведомствонун жетекчилиги гана эмес, орто звенодогу, туруктуу коррупциялык схемаларды түзгөн жетекчилер дагы күнөөлүү. Өздөрүнүн жеке максаттарын көздөп алар ачык саботажга чейин жетишүүдө», – деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр эскерткендей, Эмил Осмонбетовдун алдында тоо кен өнөр жай чөйрөсүндө ачык-айкындыкка, тармактын инвестициялык жагымдуулугун жакшыртууга багытталган, мамлекеттин, ошондой эле инвесторлордун кызыкчылыктарын камсыздаган саясатты кайра карап чыгуу боюнча бир катар милдеттер коюлган.

«Бирок иш жүзүндө дээрлик эч нерсе аткарылган эмес. Мен жаратылыш ресурстарын башкаруунун кардиналдуу жаңы механизмдерин иштеп чыгууну, берилген лицензияларды инвентаризациялоону, иш жүзүндө канча объектте иштер жүргүзүлүп жатканын талдоону, пайдалуу кендерди казып алуунун натыйжалуулугун жана экологиялык жана техникалык талаптарга дал келүүсүн карап чыгууну тапшырганмын. Мисалы, кен объекттерине болгон 2711 лицензиянын 2475и 2013-2014-жылдары берилген. Ондогон лицензиялар бир адамдын колуна тийген. Кээде бюджетти толтурууга жамынып лицензиялар көзөмөлсүз берилген. Тилекке каршы, силер бардык иштерди аткарга алган жоксуңар», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Буга байланыштуу Премьер-министр Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыялады, ошондой эле анын орун басарлары Азизбек Ороков жана Сүйүнтбек Аликеевди берген арыздарына ылайык ээлеген кызматтарынан бошотту.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска мөөнөттө топтомдуу иштерди жүргүзүп, коюлган милдеттерге жетүүгө тоскоол болгондордон арылууну тапшырды. Алар боюнча материалдар укук коргоо органдарына берилиши керек.

«Мындай коррупцияга баткан аткаминерлердин айынан коомдо бийликтин дарегине нааразычылык айтылып жатат. Инвестициялык климат жабыр тартууда. Уруксат кагаздарын берүү процедураларын жана инвесторлор менен иштөөнү өзгөртүү зарыл. Инвесторлорго мамлекеттик мамиле жана мамлекеттик колдоо сакталышы керек. Буга байланыштуу лицензия берүүнүн негизги жоболоруна сынактык жана аукциондук кен байлык объекттерине мамлекеттин милдеттүү үлүшүн караган ченемдер киргизилет. Ийгиликтүү жана натыйжалуу иштерди камсыздоо үчүн ар бир тоо кен ишканасында мамлекеттин үлүшү болушу керек. Бул тоо кен тармагына капитал салган инвесторлор үчүн кепилдик болуп саналат, ошондой эле жергиликтүү калктын инвесторлор менен болгон мамилесин турукташтырат», – деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин  жетекчилигин биргелешип жөнгө салынган иштерди уюштурууга жана долбоорлорду ыкчам жана натыйжалуу ишке ашырууга жөндөмсүздүгү үчүн сынга алды. ПРемьер-министрдин айтымында, алардын алдына да ушул эле талаптар коюлат.

Өкмөт башчы өлкөнүн улуттук байлыктарын элдин жана өлкө экономикасынын кызыкчылыктарында пайдалануу үчүн иштин жаңы механизмдерин иштеп чыгууга өзгөчө дыкат мамиле кылууну тапшырды.

Количество просмотров: 22