• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Премьер-министр көрүстөндү талкалагандарды табууну тапшырды

12 Үчтүн айы 2019 17:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.01.2019.Govori.TV.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы көрүстөндөгү вандализмге күнөөлүүлөрдү таап, аларды жоопкерчиликке тартууну тапшырды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, премьер-министр мындай тапшырманы Ички иштер министрлигине берген. Абылгазиев окуяны өзгөчө адепсиз көрүнүш деп баалап, күнөөлүүлөрдү тез арада аныктоо зарылдыгын белгилеген.

11-январдын кечинде белгисиз адамдар Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы көрүстөнгө келип 34 жыгач крестти жана эки мрамор эстеликти талкалап кеткен.

Азырынча көрүстөндөгү эстеликтерди талкалагандар аныкталып, табыла элек.(Bk

Теги:
Количество просмотров: 16