Президент өтүп бара жаткан жылда абакта жаткан саясый туткундарга ырайым бербей турган болду. Биздин редакция бул маселе менен президенттин аппаратына кайрылганда, жооп ала алган жок.
Эске салсак, буга чейин президенттин маалымат жыйынында саясатчы Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүгө байланышкан суроо көтөрүлүп, президент эгер ал өзү кайрылса кол кое тургандыгын айткан. Кийинчерээк экс- президент Роза Отунбаева президентке Өмүрбек Текебаевдин күнөөсүз экендигин белгилеп, абактан бошотуу өтүнүчү менен кайрылган. Кайрылууга Жогорку Кеңештеги бардык фракция жетекчилери кол койгон.
Айта кетүүчү жагдай, жаңы жылдан кийин 2019-жылдын 1-январында күчүнө кире турган «Пробация жөнүндөгү» мыйзамга ылайык абактардагы 450 адам эркиндикке чыгат. Бул тууралуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы маалымдаган. Бул пландуу жүргүзүлгөн иш-чараларга ылайык анча оор эмес кылмышка кирептер болгондор жазадан бошотулат. Тиешелүү кызматтын билдиргенине караганда оор кылмышка айыпталган айрым камактагыларга дагы бул мыйзам колдонулушу мүмкүн. Бирок, «адам өлтүрүү», «зордуктоо» жана «талап-тоноого» айыпталгандарга бул мыйзам каралган эмес.