• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президент Тышкы иштер министрин кабыл алды

25 Жалган куран 2019 14:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.03.2019. Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-мартта, өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынан кабарлашты.

Маалым болгондой, Президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Россиянын Президентинин Кыргызстанга мамлекеттик визитине даярдык көрүү маселелерин талкуулады.

“Министр Чыңгыз Айдарбеков Президент Владимир Путиндин мамлекеттик визитине даярдыктын жүрүшү жана бул визиттин алкагында өтө турган иш-чаралар тууралуу маалымдады”,-деп айтылат маалыматта.

Президент Сооронбай Жээнбеков бекитилген планга ылайык, бардык милдеттерди кылдат жана өз убагында ишке ашыруу тапшырмасын берди.

Теги:
Количество просмотров: 9