Бишкек. 06.02.2019. Govori.TV
Бүгүн, президент Сооронбай Жээнбеков Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин жамааты, студентери менен жолугушуу учурунда «Улуттук университет сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө флагман деген атка, атакка татыктуу болбой жатат”, – деди.
Мамлекет башчысы университет сыртынан жалтырак көрүнгөнү менен ичинде андай эмес экенин, окуу корпустарынын акыбалы начар экенин белгилеп, эмне үчүн айрым жогорку окуу жайлар жасап жаткан жакшы иштерди улуттук университетте да жасаганга болбойт? – деп суроо салды.
«Бишкекте гана эмес, аймактардагы университеттер жараткан ийгиликтерге Улуттук университет жетиши үчүн ким, эмне тоскоол болууда? Саясий, илимий элитанын көпчүлүгү ушул улуттук университеттен чыккан. Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргызстанды чейрек кылым жетектеген, мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев ушул университеттен чыккан. Кыргыз Республикасынын Баатырлары Төлөгөн Касымбеков, Бексултан Жакиев сыяктуу журтубуздун сыймыгы болгон инсандарыбыз да сиздердин университеттин бүтүрүүчүлөрү»,-деди президент.
Өлкө жетекчиси Жээнбековдун пикиринде эми ректорат университеттин тарыхый атын, мурдагы аброюн кайтарып, өнүктүрүп, чыныгы заманбап, флагман университетке айландырыш керек.
Учурда бул окуу жайды Канат Садыков жетектейт. Окуу жай өлкөдөгү жогорку билим берүүнүн көч башы катары сыпатталып келет.
Булак: “Калыс Медиа”