Бишкек.27.02.2019.Govori.TV.
Мамлекеттик органдар, министрликтер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргелешип иштебей жатканын президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарындагы аймактарды өнүктүрүүгө байланышкан жыйында айтты.
Анын айтымында, аймактардагы иш сапарларынын алкагында жергиликтүү бийлик өз деңгээлиндеги маселелерди чече албай жатканын көргөн.
«Бүгүнкү күндө аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча системалуу жана бирдиктүү саясат жок. Мамлекеттик жана райондук органдардын ортосунда өз ара тыгыз аракеттенүү байкалбайт. Көпчүлүк министрликтер жер-жерлердеги көйгөйлөрдү билбейт, элет менен байланыш начар. Алардын жергиликтүү эл менен жолугуп, талкуулаган графикасы жок.
Аймактарда эл менен жолукканда көпчүлүгү жергиликтүү бийлик чече турган көйгөйлөрдү айтышат. Эмне үчүн жергиликтүү бийлик чече турган көйгөйлөр үчүн борборго кат жазып кайрылып жатышат?», — деди ал.
Президент Жалал-Абаддын Сузак районундагы жолугушуудан бир мисал келтирди.
Жергиликтүү тургун 5 жылдан бери атасы экөөнүн жер үлүшүн айыл өкмөт алып, андан бери прокуратура, сотко, акимге кайрылып келишет. Бирок мынча убакыттан бери жыйынтык жок.
«Ошону көрүп туруп мамлекеттик бийликке ким ишенет? «Ошол жерди берген адам акимиатта чоң болуп иштеп жатат» дейт. Бул жергиликтүү бийлик чече турган маселе, бир мисал», — деди Жээнбеков.