• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Президенттик администрация «Сорос-Кыргызстандын» ишин токтотуп жатканы боюнча комментарий берди

16 Чын куран 2024 14:58 Бишкек Govori.TV

КР Президенттик администрациясы Сорос фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн жабуу жөнүндө чечим боюнча комментарий берди.

«Фонд командасы жана көптөгөн активисттер ФСК жакында жабыла турганын көптөн бери билишкен. Ошондуктан, жакында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган өзгөртүүлөргө карата жарыяланган чечимди негиздөөдөгү шилтеме администрация тарабынан таң калуу менен кабыл алынды.

Акыркы жылдары Жорж Сорос мырзанын үй-бүлөсү жана анын айлана-чөйрөсү өз ишмердүүлүгүн уюштурууга болгон мамилесин кайра карап чыгып, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн өз ишмердүүлүгүн көчүрүп келгени белгилүү болду. Алар Украина менен Грузиядан башка бардык Борбор Азия өлкөлөрүндөгү жана бүткүл Чыгыш Европадагы кеңселерин жапты. Көптөгөн аймактык долбоорлор бир топ кыскарган же толугу менен жабылган.

Президенттин Администрациясы эгемендүүлүктүн алгачкы отуз жылында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Кыргызстанда мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана жарандык коомду өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымын жогору баалайт. Биз өзгөчө Сорос Фондунун өлкөбүздөгү билим берүү чөйрөсүн жана гуманитардык илимдерди өнүктүрүүнү колдоо боюнча ишмердүүлүгүн белгилейбиз.

Биз келечекте Ачык Коом Институту системасы менен конструктивдүү кызматташууну улантууну чыдамсыздык менен күтөбүз”, — деп маалыматта.

Буга чейин Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынып, чектөөлөр киргизилип жатканына байланыштуу “Ачык Коом” фонддору “Сорос-Кыргызстан” фондунун ишмердүүлүгүн токтото турганы кабарланган. «Ачык коом» фонддорунун президенти Бинайфер Новрожи «Сорос-Кыргызстан» фондунун 30 жылдан бери жасаган эмгектерин айтып, мындан ары өлкөдө өз ишмердүүлүгүн уланта албай турганына өкүнүнчүн айткан.

«Сорос-Кыргызстан» («Ачык коом» фонду) фонду 1993-жылы ачылып, 115 миллион долларга билим берүү, саламаттык сактоо, санарип технологиялар, сот адилеттигин жана юридикалык жардамды реформалоо тармактарында бир топ долбоорлорду жарандык коом жана өкмөт менен биргеликте ишке ашырып келген.

Коомчулукта талкуу жараткан «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга президент Садыр Жапаров 2-апрелде кол койгон.

Количество просмотров: 101