• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президенттике аттангандардын киреше жана чыгашалары

26 Бирдин айы 2021 13:07 Бишкек Govori.TV


Кыргызстандагы «Жалпы иш» коомдук фонду 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо талапкерлердин киреше жана чыгашаларына жүргүзгөн мониторингдин баштапкы жыйынтыгы тууралуу бүгүн, 25-февралда маалымат берди.

«Кезексиз президенттик шайлоо дайындалгандан бери «Жалпы иш» коомдук фонду мониторинг жүргуздүк. Анда административдик ресурс, добуш сатып алуу жана шайлоо фондуна түшкөн каражаттарга басым жасадык. Эң негизи сунушубуз шайлоо фонддору булактарды ачык жарыялашы керек деп жатабыз. Кыргызстан шайлоо учурунда саясий партиялар менен талапкерлерге түшкөн жана жумшалган акчаларга көзөмөл жүргүзүү боюнча биринчи жана маанилүү кадамын баштады. Жаңы системанын кандай иштей турганы, шайлоо фонддору канчалык ачык экендиги, кандай жакшыртуулар, өркүндөтүүлөр керек экендигин биздин эксперттер март айынын башында коомчулукка сунуштайбыз . Аны менен катар эле «2021-жылдын 10-январында өткөн КР президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу саясий жарнамаларга жумшалган чыгашаны Facebook платформасында мониторлоо боюнча сынамык долбоордун биринчи отчетун сунуштайбыз»,-деп билдирди эксперт.

Ошондой эле аталган фонд талапкерлер СММ кызматы үчүн канча каражат коротконуна дагы көз салган.

«17 кандитаттын ичинен 13ү Фейсбук социалдык баракчасына баш-аягы 309 жарнамалык билдирүү жарыялаган. Алардын ичинен Клара Сооронкулова, Арстанбек Абдылдаев, Имамидин Ташов, Садыр Жапаров таргетинг жарнамадан баш тарткан»,-деди адис Малика Алимбаева.

Белгилей кетсек,Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайлануу үчүн ат салышкан талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясынын талабына жана мыйзамга ылайык, ар бири фонд ачууга тийиш. Андагы бардык каражат ачык-айкын көрсөтүлүп турат.

Количество просмотров: 87