• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Жалпы иш» тыштан добуш берүү боюнча мониторингинин натыйжаларын жарыялады

11 Теке 2021 11:55 Бишкек Govori.TV

«Жалпы Иш» коомдук фондунун байкоочулары Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнүн мониторингин аякташты.

Жалпысынан 43 УШК камтылды, анын 25и Бишкекте, 15и Ошто жана үчөө Токмокто. Мониторинг жүргүзүлгөн объектилерде, Ош шаарынын бир участкасында процедуралык бузууларды эске албаганда, олуттуу мыйзам бузуулар болгон жок.

Биздин байкоочулардын отчетторуна ылайык, участкадан тышкары добуш берүүгө арыздардын тизмеси бардык 43 УШКларда илинген жана тизмелердин каттосу жабылгандан кийин, тизмеге өзгөрүүлөр киргизилгени байкалган эмес.

Бардык 43 УШКда участкадан тышкары добуш берүү үчүн бош көчмө үкөктөр байкоочуларга көрсөтүлдү.

42 УШКда бош көчмө үкөктөргө участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылып бекитилген, Ош шаарындагы №5322 УШКда гана мөөрү басып бекитүү процедурасы толугу менен өтпөгөндүктөн, биздин байкоочу инциденттик формасын толтурган.

Ошондой эле, 42 УШКда контролдук тизмеге участокто отургандардын бардыгы кол коюшуп, добуш берүүчү жайдан тышкары көчмө добуш берүүчү үкөктүн ичине түшүрүлгөн жана ошол эле Ош шаарындагы №5322 УШКда процедуралык мыйзам бузуу байкалган.

COVID-19га байланыштуу сактык чаралары жана сунуштар 32 УШКда гана аткарылды, 1 УШКда жарым-жартылай, ал эми 10 УШКда такыр аткарылган жок.

Байкоо жүргүзүүгө же керектүү маалымат алууга тоскоолдук кылган бир дагы учур болгон жок, шайлоочулардын эркин билдирүүгө эч ким таасир эткен жок, добуш берүүнүн купуялуулугу бардык жерде сакталды.

Бардык 43 УШКда УШК мүчөсү бюллетень берилгенде шайлоочулардын кагаздагы тизмесине шайлоочулардын маалыматын жазды жана ошондой эле “Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берди” деген белгини койду.

Бардык 43 УШКда добуш бергендиги жөнүндө актылар түзүлгөн.

Бүгүн, 11-июлда «Жалпы Иш» Коомдук Фонду Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнү улантат.

Количество просмотров: 64