• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Президенттин аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Ташпаева кызматтан кетти

23 Чын куран 202010:43 Бишкек Govori.TV

Президенттин аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ташпаева кызматтан кетүү үчүн өз каалоосу менен арыз жазды. Бул тууралуу Kaktus.media сайты жазды.

2018-жылы Ташпаева Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Кийин социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болгон.

Назгүл Ташпаеванын ордуна  Кудайберген Базарбаев  Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Количество просмотров: 175