Президент Шавкат Мирзиёев Ташкенттин транспорт системасын сынга алгандан кийин шаарга 120 автобус алып келинди. Алардын 100ү президенттин жарлыгы менен 2018-жылы тыюу салынган Isuzu үлгүсүндөгү кичиавтобустар.
Ташкент шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматына караганда, 13-декабрда Шавкат Мирзиёев шаардын №18 автобус паркына барып, баш калаадагы транспорттук тейлөөнү жакшыртууну тапшырган. Андан соң коомдук транспорт маселесин чечүү үчүн мекемелер аралык ыкчам штаб түзүлгөн.
14-декабрда Ташкентке MAN A22 үлгүсүндөгү көп адам бата турган 20 автобус алынып келинген. 15-декабрда шаарга кичинекей 100 Isuzu автобусу жеткирилсе, Ички иштер министрлиги Ташкент автопаркына дагы 30 Isuzu автобусун белек кылган.
«Газета.uz» басылмасы белгилегендей, президент 2017-жылы декабрда кол койгон токтомго ылайык, Өзбекстанда 2018-жылдын март айынан тарта мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ылайыкталбаган коомдук транспортторду сатып алууга тыюу салынган.
«Isuzu кичиавтобустары мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн гана эмес, калктын мобилдүү категориясы үчүн да ылайыксыз», – деп жазды «Газета.uz».
Ташкент акимчилигинин транспорт башкармалыгы президенттин сынынан кийин 15-декабрда шаар көчөлөрүнө 944 автобус каттамга чыкканын билдирди. Бул 14-декабрдагыга салыштырганда 75 автобуска көп.
16-декабрда 1000 автобус каттамга чыгары айтылган.