• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Прокурор экс-депутат Исаковду 12 жылга камоону сурады

27 Бештин айы 2018 15:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.12.2018.Govori.TV.

Мамлекеттик айыптоочу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаковдун үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 12 жылга эркинен ажыратууну соттон сурады. Ошону менен катар сот залынан камакка алуу өтүнүчү келтирилди. Бул маалыматты 27-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады.

26-декабрда Сузак райондук соту мурдагы депутат Музаффар Исаковго байланыштуу ишти кароону уланткан. Бирок чечим чыга элек.

Башкы прокуратура Музаффар Исаковго 2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ага “Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган” деген айып коюлган.

Прокуратура тараткан маалымат боюнча, ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура кызматынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп алып айыл чарба багытындагы 14,34 гектар жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген.

Тергөөдө жарандар жер тилкелерин 1500-3000 доллардан сатып алышканын билдиришкен. Исаков менен кошо дагы сегиз адамга кылмыш иши ачылып, ишти Сузак райондук соту карап жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-декабрда Исаковдун жазган арызынын негизинде аны депутаттык мандаттан ажыраткан. 

Количество просмотров: 22