Орусиянын президенти Владимир Путин Вифлеемге болгон сапарынын алкагында аскер кызматкеринин жерде жаткан баш кийимин өйдө көтөрүп, башына кийгизди. Видеону Палестинанын жеке фотографы Махаммад Атик жарыялаган.
Путин Махмуд Аббас менен кызыл килемде басып бара жатып офицерлердин биринин баш кийими түшүп калганын көрүп, фуражканы жылмаюу менен офицерге кийгизип койгон. Мындан сырткары, Владимир Путин кетип бара жатканда палестиналык аскерлерге баш бармагын көргөзгөнүн көрүүгө болот.