• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Путин Кыргызстанга келип эмнени чечет? 

26 Жалган куран 2019 15:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.03.2019. Govori.TV


28-мартта Орусиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келээри белгилүү болгон. Бүгүн, 26-мартта буга байланыштуу маалымат жыйын өткөрүлдү. Анда бир катар маселелер каралаары белгилүү болду.

Жолугушууда жалпысынан 30дай документке кол коюлаары белгилүү болду.

Путиндин мамлекттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда сегизинчи кыргыз-орус региондор аралык  конференция өткөрүү пландалууда. Ага жалпысынан 700дөй өкүлдөр катышат.

Конференциянын жүрүшүндө негизги төрт тематикалык тегерек столдорго бөлүнүшөт.

Буга чейин айтылып келе жаткандай Орусиянын Кыргызстандагы экинчи аскердик базасы тууралуу жолугушуунун күн тартибинде каралган эмес.

Путиндин мамлекеттик сапарынын негизинде экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Жээнбековду элдештирет деген маалымат тараган.

Жогоруда маалым болгондой Путиндин сапарынын алкагында бир катар орчундуу маселелер чечилип, кол коюлаары айтылды. Мунун баары аткарылабы жокпу мезгил көрсөтөт.

Теги:
Количество просмотров: 11