Россиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүү тууралуу жарлыкка кол койду. Анын ичинде президент менен премьер-министрдин маянасы да бар. Бул тууралуу «Марал» радиосунун сайты жазды.
Жарлыкка ылайык, айлык 1-октябрдан баштап 4,3%га жогорулайт. Анын себебин 2018-жылдагы инфляция менен байланыштырган. Акыркы ирет өлкө башчыларынын айлыгы 2018-жылдын 1-январында көтөрүлгөн,- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Владимир Путин буга чейин бир айда 720,7 миң рубль айлык алган. Ал эми бир жылда президенттин айлык акысынын кирешеси болжол менен 8,6 миллион рубль деп эсептелинген.