• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Раим паша падышабы?

29 Үчтүн айы 2019 16:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 29.01.2019.Govori.TV.

Бул жумада «Раим миллион» каймана аты бар Раим Матраимовдун айланасындагы окуялар күч алды. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков   маалымат жыйынында  Матраимовдун иштеп тургандагы аракеттерин жогору баалады.

Өткөн жылы ошол кездеги бажы тармагынын башчысы Кубанычбек Кулматов дагы Раим Матраимовдун ишин жогору баалап коомчулукта талкуу жараткан.

 Экс-президент Алмазбек Атамбаев Сапар Исаковдун камалышы менен Раим Матраимовдун айланасындагы окуялардын байланышы бар экендигин айткан.

Раим Матраимов тууралуу алгачкы жыйында президент Сооронбай Жээнбеков дагы пикирин билдирген.

 Эске салсак, Бишкек шаардык соту  Райымбек Матраимовду кызматында калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Бир айдан бери Өкмөт Раим Матраимовду кызматка кое тургандыгы же Жогорку Сотко аппеляциялык арыз менен кайрыла тургандыгы боюнча ооз ачкан жери жок.

Айрымдар мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын Матраимовду макташы жөн жерден эместигин айтып чыгышты. 

Талкуудан такыр кетпеген Раим Матраимов жети бир тууган. Улуусу,  КСДП партиясынын мүчөсү Искендер Матраимов ЖКдагы жосунсуз жоругу менен белгилүү.

Количество просмотров: 25