• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Рак оорусунан айыктырууну убадалап акча алган чет элдик жаран кармалды

25 Чын куран 2023 12:10 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунда рак оорусунан айыктырууну убадалап акча алган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-апрелде Аламүдүн райондук милициясына арыз менен Б.С. аттуу жаран кайрылып, өзүн Сиддик деп тааныштырган адам февраль айында рак менен ооруган баласын медициналык жол менен айыктырып берем деп ишеничине кирип, 5 миң 500 АКШ долларын алып изин жашырып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Аламүдүн РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип 41 жаштагы С.У.Р. аттуу Пакистандын жараны кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 54