Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов «Азия ньюс» гезитине интервью берип, экс-президент Алмазбек Атамбаевге жооп кайтарды.
«Мурда Алмазбек Шаршенович менен эч кандай карама-каршылык болгон эмес. Мен досум Икрамжан Илмияновдун жана Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасына орун басар болгом. Мен иштеп жаткан учурда бажы төлөмдөрү ар дайым пландан жогору болчу. Эмнеге мындай сөздөрдү айтканын түшүнгөн жокмун. Мен КСДП партиясы үчүн көп иш кылгам, азыр деле бир командадабыз деп эсептейм»,-дейт Райымбек Матраимов.
Эскерте кетсек Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын съездинен кийинки маалымат жыйынында «Райым миллион» серый кардинал. Аны кызматтан алгандан кийин, Сапар Исаковду каралоо компаниясы күчөдү. Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшөм десе «Райым миллиондой» достордон арылыш керектигин айткан.